Студенттер да аралыктан окуйбу? Министрлик ЖОЖдорго үч багытта сунуш берди

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүУниверситеттин бош аудиториясы. Архив
Университеттин бош аудиториясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилигине Консультативдик кеңеш тарабынан иштелип чыккан сунуш жана кеңештерди тааныштырган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Билим берүү министрлигинин Консультативдик кеңеши онлайн окутуу мезгили үчүн окуу жайларга сунуштамаларды иштеп чыкты. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын администрациясы, окутуучулары жана студенттер үчүн онлайн окутуу мезгилинде ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча атайын сунуштамалар жана нускамалар иштелип чыкты.

Министрдин орун басары Нурлан Өмүров жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилиги менен онлайн-жыйын өткөрүп, COVID-19 пандемия шартында онлайн окутууну ишке ашырууга шарт түзүү максатында иштелип чыккан сунуш жана кеңештерди тааныштырган.

1-класстар мектепке күн сайын барып окумай болду

Консультативдик кеңеш үч багытта иш алып барганы айтылат.

Биринчи топ пандемия шартында онлайн окутууну ишке ашыруу үчүн окуу жайлардын уюштуруу иштерине байланыштуу маселелерди чечүүгө багытталган кеңештерди иштеп чыкты. Ал укуктук маселелерге, финансылык аспектилерге, санитардык-гигиеналык нормаларга, санариптик инфраструктуранын камсыз болушуна, ачык ресурстардын ачылышына, ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө, санариптик жана билим технологиялары маселелерине арналат.

Экинчи топ окутуучулардын, көмөк көрсөтчү жардамчы кызматкерлердин жана администрациянын потенциалын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Топ онлайн режиминде билим берүүнү уюштуруу боюнча мугалимдер үчүн усулдук колдонмолорду түзүүдө. Ал окутуучуларга онлайн окутуунун негизги билимдерин жана методологиясын бекемдөөгө, онлайн-курстарды жана тапшырмаларды иштеп чыгууда көндүмдөрдү өркүндөтүүгө, студенттер менен натыйжалуу ишти уюштурууга, санариптик технологияларды колдонууга жардам берет.

ЖОЖго кабыл алуунун үч туру тең аяктап, дагы кошумча сынак жарыяланды

Үчүнчү топ студенттерди онлайн режиминде билим берүү процессине даярдоо боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Анда практикалык колдонмо студенттер үчүн (айрыкча 1-курс студенттери үчүн) онлайн режиминде пайдалуу практикалык курал болуп калат. Студенттерге жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде түшүндүрүлөт. Мындан сырткары, окутуу аянтчаларын колдонуу боюнча, өз алдынча иштөөгө даярдык көрүү, билим берүү уюмунун ар кандай ресурстарын пайдалануу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилет.

Ошондой эле алдыңкы университеттердин колдоосу менен бардык типтеги окуу жайлардын окутуучулар курамын камтыган вебинарлар уюштурулары айтылат. Окутуу программасы мугалимдердин санарип сабаттуулугун жогорулатууга, аралыктан билим берүүдө ар кандай интерактивдүү технологияларды колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0