Жалал-Абад облусунда быйыл 23 бала бакчаны бүткөрүү пландалууда

© Фото / Пресс-служба полпредства в Джалал-Абадской областиСтроительство детских садов в Джалал-Абадской области
Строительство детских садов в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала бакчалар республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, облус менен райондук фонддордун эсебинен каржыланууда.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Быйыл Жалал-Абад облусу боюнча 23 жаңы бала бакчаны бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, курулуп жаткан мектепке чейинки билим берүү мекемелер республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, облус менен райондук фонддордун эсебинен каржыланууда.

Чаткал районунда 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Пландалган иштер соңуна чыкса, 1 445 балага орун пайда болору айтылат. Кээ бирлери курулуп бүтсө, айрымдарында жумуш тынымсыз уланып жатат. Ал эми жети бала бакчаны каржылоо үзгүлтүккө учурагандыктан курулушу токтоп турганы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0