Кечээ 312 киши коронавирустан сакайса, кайра 179 жаңы учур катталды

© AP Photo / Markus SchreiberТест на коронавирус в Берлине
Тест на коронавирус в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда акырындык менен эпидемиологиялык абал турукташып келе жатат. Бишкектеги көпчүлүк стационарлар жабылып, ооруканаларда дагы бош орундар көбөйүп калды.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 312 бейтап коронавирустан айыгып чыкса, 179 кишинин вирусту жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Сакайып кеткендерди аймактар боюнча бөлүп карай турган болсок, жагдай төмөнкүчө:

  • Бишкекте – 102;
  • Ошто – 18;
  • Чүй облусунда – 41;
  • Ош облусунда – 27;
  • Талас облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 13;
  • Ысык-Көл облусунда – 50;
  • Жалал-Абад облусунда – 40;
  • Баткен облусунда – 19.

Ал эми жаңы жуктуруп алгандар бул райондордо катталды:

  • Бишкек - 39;
  • Ош – 8;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу - 24;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 39;
  • Жалал-Абад облусу – 26;
  • Баткен облусу - 22.

Республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 35 197 киши болду. Жуктургандар жалпысынан 42 325ке жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0