Аймактарга сапар уланууда. Жээнбеков эки күн Нарынды кыдырат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПрезидент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков
Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков аймакта санариптештирүү жана ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 19-20-август күндөрү иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорун жана Нарын шаарын кыдырып, пандемия шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Жээнбеков Талас элине баа берди. Жолугушуунун сүрөттөрү

Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Эске сала кетсек, буга чейин мамлекет башчы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0