1-класстарды мектепте окутуу тартиби жарыяланды. Ата-энелерге кулак кагыш

© AFP / INA FASSBENDERКоопсуз бет капчан окуучу
Коопсуз бет капчан окуучу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл мектеп окуучулары аралыктан окушат, 1-класстарды гана күн сайын мектепке барып окутуу чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 19-авг. – Sputnik. Мектептер үчүн талаптар жана 1-класстын окуучуларынын ата-энелерине сунуштамалар иштелип чыкты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл мектеп окуучуларын аралыктан окутуп, 1-класстарды гана күн сайын мектепке барып окутуу чечими кабыл алынган.

Аралыктан окууда баланын пижамачан отурганы туура эмес. Адистин кеңеши

Аталган департамент Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыкканы айтылат.

Талаптар жана сунуштамалар:

  • Ар бир класста окуучулардын саны азайтылышы керек, эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл;
  • Мектеп директорлору санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу;
  • Балдар бет кап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептиктерди пайдаланышы керек, аларды ата-энелери камсыздоого тийиш;
  • Мектептер дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалышы шарт;
  • Ата-энелерге балдарын өздөрү алып келип, алып кетүүсү сунушталат;
  • Аралыкты сактоо үчүн мектептерде эки чыгуу/кирүү эшиги болушу зарыл;
  • Санитардык ченемдерди жана тийиштүү шарттарды сактоо үчүн мектептер суу менен камсыздалып, канализация жана жылытуу сезонуна даярдык көрүлүшү керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0