Жаран шайлоочулардын тизмесинде бар-жогун кантип текшере алат? 5 жолу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАялдар фамилияларын шайлоочулардын тизмесинен издеп турушат. Архив
Аялдар фамилияларын шайлоочулардын тизмесинен издеп турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар мобилдик тиркеме аркылуу өздөрүнүн шайлоо участогунун номерин жана дарегин тактай алышат. Андан сырткары, ал жакка чалса, жазса же барса дагы болот.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Шайлоочулардын тизмесинен жеке маалыматты беш жол менен текшерүүгө мүмкүн экендигин Мамлекеттик каттоо кызматы айтып берди.

Ага ылайык, жарандар үчүн МККнын кызмат көрсөтүүлөрүнүн мобилдик тиркемесинде жаңы функция ишке кирди. Ал аркылуу кыргызстандыктар өздөрүнүн шайлоо участогунун номерин жана дарегин тактай алышат.

Шайлоого аттанган 44 партиянын сегизи тизмеден чыгарылды

Тиркеме Android платформасындагы смартфондордун колдонуучуларына жеткиликтүү. Ал үчүн Play Market колдонмо дүкөндөрүнөн "МККнын кызмат көрсөтүүлөрү" тиркемесин көчүрүп, "УШКнын дарегин текшерүү" бөлүгүнө кирүү керек. Ал эми iOS ыкчам тутуму менен болгон телефондордун колдонуучулары үчүн тиркеме кийинчерээк жеткиликтүү болмокчу.

Жаран өзүн шайлоочулардын тизмесинен дагы кантип текшере алат?

  • шайлоо участогуна барып;
  • www.tizme.gov.kg порталынан;
  • 119 номери аркылуу МККнын Сall-борборуна чалуу (акысыз);
  • 119 номерине идентификациялык жеке номерди (ИЖН) көрсөтүп, СМС жөнөтүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0