Президент Сооронбай Жээнбеков иштин жүрүшү менен Кочкор районунда

Жээнбеков Кочкордогу эки иштин жүрүшү менен таанышты. Сүрөт

(жаңыланган 19:05 19.08.2020)
Бүгүн мамлекет башчынын Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапары башталды. Анын алкагында бир топ иш менен таанышып, жергиликтүү жашоочулардын көйгөйүн угат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кочкор районундагы ички жолдорду оңдоп-түзөөнүн жүрүшү жана ирригациялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, бүгүн президенттин Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапары башталды.

Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашып жатып, улуттук ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу анын көзөмөлүндө экендигин белгилеген.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочей поездки в Нарынскую область ознакомился с ходом реализации ирригационного проекта в Кочкорском районе. 19 августа 2020 года
    Президент Сооронбай Жээнбеков Кочкор районундагы ички жолдорду оңдоп-түзөөнүн жүрүшү жана ирригациялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочей поездки в Нарынскую область ознакомился с ходом реализации ирригационного проекта в Кочкорском районе. 19 августа 2020 года
    Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочей поездки в Нарынскую область ознакомился с ходом реализации ирригационного проекта в Кочкорском районе. 19 августа 2020 года
    Белгилей кетсек, бүгүн президенттин Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапары башталды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочей поездки в Нарынскую область ознакомился с ходом реализации ирригационного проекта в Кочкорском районе. 19 августа 2020 года
    Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашып жатып, улуттук ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу анын көзөмөлүндө экендигин белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков Кочкор районундагы ички жолдорду оңдоп-түзөөнүн жүрүшү жана ирригациялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты
"Элинин көбү айыл чарба менен алектенген өлкөдө ирригация тутумдарын кеңейтүү — бул социалдык-экономикалык өнүгүүнүн маанилүү маселеси", — деген Жээнбеков.

Былтыр Дүйнөлүк банк менен Кош-Дөбө айылындагы ирригациялык системаны реабилитациялоо жөнүндө келишимге кол коюлганы айтылат. Аны ишке ашырууда жакынкы үч айыл өкмөтүндө 2,5 гектардай жаңы сугат жерин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралмакчы.

Жээнбеков менен Мадумаров Баткенди өнүктүрүүнү талкуулады. Жасалчу иштер

Ошондой эле өлкө башчы аймактарды өнүктүрүүдө ички жолдорду куруу жана реконструкциялоо маанилүү экендигин айткан.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочей поездки в Нарынскую область, ознакомился с ходом реконструкции внутренних дорог села Кочкор одноименного района. 19 августа 2020 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошондой эле өлкө башчы аймактарды өнүктүрүүдө ички жолдорду куруу жана реконструкциялоо маанилүү экендигин айткан
"Жүргүнчүлөр менен жүк ташылган жолдор өлкө экономикасынын артериясы болуп саналат. Аймактарды өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация, ооруканалар менен мектептерди оңдоп-түзөө жана башка социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн минималдуу жол инфратүзүмү болушу зарыл. Кайсы гана иш болбосун жолсуз башталышы мүмкүн эмес", — деди ал.
Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочей поездки в Нарынскую область, ознакомился с ходом реконструкции внутренних дорог села Кочкор одноименного района. 19 августа 2020 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Кочкордун борборундагы үч чакырым жолго асфальт төшөлүп жатканын көргөн

Президент Кочкордун борборундагы үч чакырым жолго асфальт төшөлүп жатканын көргөн. 12 миллион сомдук бул иш республикалык бюджеттен каржыланып, күзүндө бүткөрүү пландалган.

Мындан сырткары, Жээнбеков алдыда жергиликтүү жашоочулардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырыларын кошумчалаган.

Белгилер:
жол, долбоорлор, ирригация, Сооронбай Жээнбеков, Кочкор, Нарын
Тема боюнча
Жээнбеков рынок атаандаштыгына өлкөнүн кайсы тармагы туруштук берерин айтты
Ооруканада палатадагы капельница. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланып төртүнчү бейтап ооруканага түштү

(жаңыланган 22:48 20.04.2021)
Учурда бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Белгилер:
Бишкек, уулануу, бейтап, оорукана, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги
Милиция кызматкерлерин фуражкалары. Архив

Айзада киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган 3 милиционер жазаланды

(жаңыланган 22:52 20.04.2021)
Анын ичинде кылмыш катталган жерге медициналык кол капты таштап салуу фактысы боюнча да иликтөө жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.

Ким кандай жаза алды:

  • Аламүдүн РИИБдин жоруктар бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты А. Экеевге катуу сөгүш;
  • Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын майору К. Самаевге катуу сөгүш;
  • Аламүдүн РИИБдин Криминалдык топту коштоп жүрүүчү инспектор-криминалист, милициянын капитаны М. Янванчиновго кызматына дал келбестиги боюнча эскертүү.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.

Белгилер:
Айзада Канатбекова, жаза, сүрөт, өлүм, кызматкер, милиция, кылмыш
Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
Тема боюнча
Кабар алып туралычы! Эже-карындашына кайдыгер ага-инилерге кайрылуу
ИИМ: митингчилерди милиция кызматкерлери кууган эмес