Медициналык кызматкер шприцти сасык тумоого каршы вакцина менен даярдап турат. Архив

Сентябрдын аягында Кыргызстанда гриппке каршы эмдөө башталат

199
(жаңыланган 22:08 19.08.2020)
Суук түшкөндө грипп менен ооругандар көбөйүп, мындай абал март айына чейин созулат. Буга грипп вирусунун суукка туруктуулугу жана гипотермия учурунда адамдын коргонуу деңгээли төмөн болушу өбөлгө түзөт.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Күз-кыштагы эпидемиялык мезгилге даярдык көрүү максатында Кыргызстанда тендер өткөрүлүп, тумоого каршы 135 миңден ашуун вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Мындан тышкары, тобокелдик топтору үчүн дагы 700 миң доза гриппке каршы вакцина алуу үчүн кошумча өтүнмө даярдалды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов гриппке каршы дарыларга буюртма берилгенин, күзүндө дарылоо иштери башталарын айткан.

"COVID-19 менен катар башка вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун жайылышын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тобокелдик тобун аныктап, гриппке жана пневмококко каршы вакциналарга болгон муктаждыкты эсептеп чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Грипп менен ооругандар суукта көбөйүп, мындай көрүнүш март айына чейин созулат. Буга грипп вирусунун суукка туруктуулугу жана гипотермия учурунда адам организминин коргонуу деңгээли төмөн болушу өбөлгө түзөт.

Алдыдагы эпидемиялык мезгилде сасык тумоонун этиологиялык түзүлүшүн жана жаңы түрлөрүн аныктоо, ошондой эле башка курч респиратордук вирустук инфекцияларды диагноздоо үчүн 1000 даана изилдөөгө реагент жана тест-системаларын сатып алууга өтүнмө берилген.

COVID-19: Россияда массалык вакцинация качан башталары айтылды

Сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат. Анын так күнү дарылардын келишинен көз каранды.

Биринчи кезекте эмдөөдөн тобокел тобуна кирген медициналык кызматкерлер, өпкөнүн, жүрөктүн, боордун, бөйрөктүн өнөкөт оорулары бар жарандар, көп ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн жана интернат-мектептердин тарбиялануучулары, кош бойлуу аялдар, диабет менен ооруган жана 65 жаштан ашкан карылар өткөрүлөт.

Премьер-министр Боронов буга чейин калктын социалдык аялуу катмары гриппке каршы акысыз эмделерин билдирген.

199
Белгилер:
вакцина, Кыргызстан, грипп, эмдөө
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2437)
Тема боюнча
COVID: ДССУ Казакстандын экинчи вакцинасын каттады
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

39
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

39
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2437)
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

67
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

67
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео