Бейтап СOVID же КРВИге чалдыкканын кантип билет. Дарыгердин аныктамасы

CC BY-SA 2.0 / Gonzalo Malpartida / 301/366: HeadacheБашы ооруп жаткан аял. Иллюстративдик сүрөт
Башы ооруп жаткан аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулар симптомдорунан тышкары узактыгы боюнча дагы айырмаланат. Өтүшүп кетпеген КРВИ үч күндөн жети күнгө чейин созулса, ал эми коронавирус эки же үч жумага чейин болору айтылды.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Коронавирус инфекциясы кадимки сасык тумоо менен курч респиратордук вирустук инфекциялардан (КРВИ) эмнеси менен айырмаланарын "Известияга" жогорку категориядагы терапевт Татьяна Романенко айтып берди.

Анын билдиришинче, эки оору тең башталганда симптомдору окшош болот, бирок барган сайын айырмалана баштайт.

"Коронавирус алгачкы этабында сезондук сасык тумоо же КРВИ сыяктуу адамды алсыратат, дене табы анчейин көтөрүлбөйт. Бирок курч респиратордук вирустук инфекцияда мурун бүтүп, тамак кычышып, булчуңдар ооруп, кээде ич өтөт. Ошол эле учурда коронавирустун жеңил түрүндө бейтаптар жыт, даам сезбей калат", — деди Романенко.

Мындан сырткары, оорулар узактыгы боюнча айырмаланат. Өтүшүп кетпеген КРВИ үч күндөн жети күнгө чейин созулса, ал эми коронавирус эки же үч жумага чейин кетпейт.

Ысыкты тоотпойт экен. Кытайлык академик COVID боюнча жагымсыз жаңылык айтты

Адам коронавирустун оор түрүнө кабылганда дене табы дароо эле 38,5–39 градуска көтөрүлүп, жөтөлүп, аба жетпей, демигип баштайт. Мындай учурда бейтапты кечиктирбестен ооруканага алып баруу керек.

Ошондой эле айрым учурда сасык тумоо башталганда эле баш катуу ооруп, сөөк, муундар какшап ооруйт.

Дарыгер эки ооруда тең обочолонуу зарыл экендигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0