COVID-19га каршы вакцинаны алууга кантип даярдануу керектиги айтылды

© Фото / РФПИ и Центр имени Гамалеи / Медиабанкка өтүүКоронавируска каршы вакцина
Коронавируска каршы вакцина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, киши ошол учурда башка оору менен ооруп жатса же дене табы 37 градустан жогору болсо коронавируска каршы вакцина алууга болбойт.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Учурда бир нече өлкө коронавируска каршы вакцина иштеп чыгып, жакынкы айларда жалпы массага жеткирүүнү көздөп жатат. Россиялык иммунолог, медицина илимдеринин доктору Владислав Жемчугов Sputnik радиосунун эфиринде вакцина алууга кантип даярдануу керектигин айтып берди.

"Коронавируска каршы вакцинаны алар алдындагы чектөөлөр грипптикине окшош эле. Мисалы, киши ошол учурда башка оору менен ооруп жатса же дене табы 37 градустан жогору болсо препаратты алууга болбойт. Ошондой эле жакынкы суткаларда спирт ичимдиктерин ичкендер дагы ала албайт", — деди Жемчугов.

COVID-19: Россияда массалык вакцинация качан башталары айтылды

Мындан тышкары, адис вакцинаны медайым эмес, дарыгер өзү сайышы керектигин айтат.

"Дарыгердин кабинетине киргенде суроо бергенден, медиктерден тактыкты талап кылгандан жазганбаңыздар. Анткени мындан сиздин саламаттыгыңыз көз каранды. Вакцина кандай жерде сакталып турат, колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен жокпу, мунун баарын сурасаңыз болот. Баса, вакцинаны шарт боюнча медайым эмес, дарыгер сайышы керек", — деди иммунолог.

Эске салсак, сентябрь айынын аягынан тарта кыргызстандыктар гриппке каршы вакцина алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0