Бишкекте коомдук транспорттун иштөө тартиби өзгөрдү. График

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги коомдук транспорт. Архив
Бишкектеги коомдук транспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүндөн тарта троллейбус, автобус, маршруткалар күн сайын каттап, үч саат гана санитардык тыныгууга чыгат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаал шартында экономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн коомдук транспорттун иш тартиби өзгөрдү. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык бүгүн, 20-августтан тарта, троллейбус, автобус, маршруткалар күн сайын каттап, үч саат гана санитардык тыныгууга чыгат. Тагыраак айтканда, дем алыш, майрам күндөрү дагы эл ташып, эртең менен саат 7.00дөн 11.00гө чейин, түштөн кийин 14.00дөн кечки 23.00гө чейин иштемекчи. Ошондо саат 11.00дөн 14.00гө чейин тыныгуу берилет.

Күркүрөгөн күздө той-топур күч алат. Боронов элге эскертүү берди

Муну менен бирге мэрия борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал бир аз турукташканын, бирок бет кап тагынып, антисептик колдонуп жана социалдык аралыкты сактап санитардык нормаларды так аткаруу зарыл экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0