ИИМдин муруңку жетекчиси Абдулда Суранчиев. Архив

MegaCom жетекчиси кызматтан кетип, милдетин экс-министр аткара баштады

193
(жаңыланган 17:11 20.08.2020)
Компаниянын генералдык директору Акылбек Жамангулов парламенттик шайлоого катышканы жатат. Ал ишкананын башчылыгына 2018-жылдын октябрь айында келген эле.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. "Альфа Телеком" (MegaCom соода маркасы) ишканасынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Абдылда Суранчиев дайындалды. Бул тууралуу уюлдук оператордун маалымат кызматынан билдиришти.

"Башкы директор Акылбек Жамангулов парламенттик шайлоого катышып жаткандыктан, өз кызматын тапшырды. 19-август жетекчинин милдетин аткаруучу болуп биринчи орун басары Абдылда Суранчиев дайындалды", — деп айтышты маалымат кызматтан.

Суранчиев 2013-2014-жылы ИИМди жетектеген. Андан соң MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп келген.

Өзгөндүн акими Ош облус башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Эске салсак, "Альфа Телеком" ЖАКынын акцияларына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат.

193
Белгилер:
Акылбек Жамангулов, Альфа Телеком” ЖАК, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош облусуна жаңы жетекчи дайындалды. Эртең жамаатка тааныштырылат
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов. Архив

Анаркулов: инаугурацияга чакырылгандардын баарынын ПЦР-анализи таза чыкты

3
(жаңыланган 22:01 27.01.2021)
Президенттин кызматка киришүү үчүн ант берүү аземине ар кайсы катмардагы миңден ашуун мейман чакырылган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.

Президенттик кызматка киришүү үчүн ант берүү аземине катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.

3
Белгилер:
ПЦР-тест, коронавирус, инаугурация, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун инаугурациясы
Тема боюнча
Чепкен жапмай, аластоо жана ыңгайсыз жагдайлар... Эл эсинде калган инаугурациялар
Депутаттарга Жапаровдун инаугурациясына жеке унаа менен келүүгө тыюу салынды
ИИМ: инаугурация күнү кортеж өтүп, жолдор бир нече секундга гана жабылат

Баланын коопсуздугун колу менен коргогон мышык. Ич жылыткан видео

45
Кээде жаныбар болсо да наристенин коопсуздугун ата-энесинен кем калбай коргогон учурлар кездешет. Дал ошондой видео интернет айдыңга тарап кетти.

Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.

Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.

45
Белгилер:
видео, балкон, мышык, бала
Тема боюнча
Шакылдатып башка чапкылап. Мышык менен ымыркайлардын ич жылыткан видеосу