1-сентябрда линейка болбойт. Министрлик аралыктан окутуу нускамасын таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественная линейка в день знания в Бишкеке
Торжественная линейка в день знания в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жаңы окуу жылында 1-класстар гана мектепке барып, калган окуучулар аралыктан окуй турганы айтылган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускамасын жарыялады.

Билим берүү жана илим министрлиги эксперттик-консультативдик кеңеш менен биргеликте пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама иштеп чыкты. Ал райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилди.

Нускамада окуу процессин салттуу (1-класс) жана дистанттык (2-11-класс) түрдө өткөрүүдөгү райондук, шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери так көрсөтүлгөн.

1-класстарды мектепте окутуу тартиби жарыяланды. Ата-энелерге кулак кагыш

1-сентябрда менчик формасына жана түрүнө карабастан, республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт. Билим күнүндө салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык, "Сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу биринчи сабак өткөрүлөт.

Мындан сырткары, нускамада окуу процессин уюштуруу, окуучуну мектепке тосуп алуу шарттары, класс ичиндеги алгоритм, танапис учурундагы талаптар, окутуу салттуу жана дистанттык түрдө жүргүзүүдөгү ата-энелердин милдеттери так жазылган.

Белгилей кетсек, быйыл жаңы окуу жылында 1-класстар гана мектепке барып, калган окуучулар аралыктан окуй турганы айтылган.

Нускаманы бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0