Соода борборуна кардарлары. Архив

Акча кандай учурда адамга бакыт тартуулайт. Психологдун пикири

280
(жаңыланган 10:20 21.08.2020)
Адистин айтымында, материалдык байлыктын артынан адам көбүнесе 35 жашка чейин чуркайт. Ошол учурда акча канчалык көп болсо, ошончолук бактылуу болчудай сезимдер болот.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. "Бакыт байлыкта эмес" деген сөз бекер айтылган эмес, акча айрым бир топтогу жана курактагы адамдарды гана толугу менен бактылуу кыла алат. Мындай пикирин психолог Люция Сулейманова Sputnik радиосунун эфиринде айтты.

"Албетте бактылуу турмушка бир тыйының жок туруп жете албайсың. Үстүңдө үйүң, кийим-кечегиң, тамак-ашың, эл катары жашоого каражатың болбосо кыйын. Анткен менен мунун баары бар туруп, бирок андан дагы көп нерсени каалагандар өз максатына бара жаткан учурда гана өзүн бактылуу сезет. Жеткен соң анын баркы кетип, көнүмүш нерсеге айланып калат", — деди психолог.

Психологдор бактылуу болуунун сырын ачышты

Ошондой эле адис акча кайсы куракта өзгөчө бакыт алып келерин түшүндүрдү.

"Капчыктын калың болгону ар бир куракта жакшы. Бирок материалдык байлыктын артынан адам көбүнесе 35 жашка чейин чуркайт. Ошол учурда акча канчалык көп болсо, ошончолук бактылуу болчудай сезимдер болот. Андан кийин адам туруктуулукту баалап, бар нерсеге топук кылып калат. Көбүнчө үй-бүлөдөгү гармония, ден соолук сыяктуу башка нерселерден ырахат ала баштайт", — деп эсептейт Сулейманова.

Ошондой эле психолог адам бактылуу болуш үчүн күнүмдүк турмуштагы майда-чүйдө нерседен позитив көрө билүүсү зарыл экенин кошумчалады.

280
Белгилер:
байлык, психология, акча, бакыт, адам
Тема боюнча
Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар
Ала-Тоо аянтындагы фонтандар. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

52
16-майга караган түнү кээ бир аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 16-май, жекшембиде, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19, Нарында +15...+20 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ош шаарында +26...+31 градуска чейин көтөрүлөрү маалымдалды.

52
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кытай алгачкы жолу Марска космостук аппаратын кондурду
Кыргызстандын желеги. Архив

Өкмөт эгемендүүлүк майрамында кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады

73
(жаңыланган 20:26 15.05.2021)
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөргөн.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Министрлер кабинети эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата
кыргыз элинин бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов аталган күндү майрамдоо боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрүп жатканда сөз болду.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, республиканын түптөлүшүнүн 30 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын планына Бишкек шаарында жана аймактарда өткөрүлчү 100дөн ашуун иш-чара киргизилген.

“Кеңешменин жүрүшүндө өлкө президентинин кайрылуусуна ылайык, планга кыргыз элинин бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү киргизүү сунушталды. Министрлер кабинетинин башчысы 30 жылдыкты майрамдоо боюнча иш-чаралар планын толуктап иштеп чыгууну жана сын-пикирлерди эске алуу менен үч күндүн ичинде уюштуруу комитетинин талкуулоосуна сунуштоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, юбилейлик датага карата театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулуп, бир катар ири көргөзмөлөр жана ат оюндары өткөрүлөт. Ошондой эле улуу Кыргыз каганатынын түзүлүшүнөн баштап, азыркы мезгилге чейинки басып өткөн жолу тууралуу сүрөт китебин түзүү пландаштырылууда.

Марипов белгилегендей, бардык иш-чаралар республикадагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөргөн. Анткени жаңы Конституцияга Курултай институту тууралуу киргизилген.

73
Белгилер:
план, курултай, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, майрам, Улукбек Марипов, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады