Кырдаал кооптуу. Баткен менен Жалал-Абадга дарыгерлер жөнөтүлөт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кубатбек Боронов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигин эки аймактагы көрүлүп жаткан чараларды күчөтүүгө чакырды.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жөнөтүлөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин көңүлүн эки аймактагы көрүлүп жаткан чараларды күчөтүүгө бурган.

"Баткен менен Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаал кооптондурууда. Илдетти жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатат. Абалды жакшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медицина кызматкерлерди жөнөтүү зарыл", — деп айткан Боронов.

Гриппке каршы эмдөө жүрөт: вакцина кайдан келип, кимге сайылат. 11 суроого жооп

Мындан тышкары, өкмөт башчы тармактык мамлекеттик органдар өлкө боюнча бардык зарыл медициналык дары-дармек менен камсыздоого басым жасоосу тийиштигин баса белгилеген.

Ошондой эле калкты сапаттуу жана ыкчам эмдөө боюнча кампанияны жүргүзүү маселеси турганын эске салганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0