COVID-19: акыркы суткада бир киши ооруну жеңе алган жок

© REUTERS / ADNAN ABIDIМедицина кызматкерлери кишинин сөөгүн алып бара жатат
Медицина кызматкерлери кишинин сөөгүн алып бара жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт башчы Кубатбек Боронов өлкөдө вирустан көз жумгандардын санын азайтуу аракети майнап берип жатканын айткан болчу.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясынан бир киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, каза болгон бейтап Бишкек шаарында катталды.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-августта, көп убакыттан бери алгачкы жолу жугуштуу оорудан адам өлүмү катталган эмес.

Пандемиядан бери өлкөдө 1 055 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0