Кечээтен бери 345 кыргызстандык коронавирустан айыгып, 196 киши жуктуруп алды

© AFP / CHANDAN KHANNAЛаборатория кызматкери коронавируска алынган кан үлгүлөр менен
Лаборатория кызматкери коронавируска алынган кан үлгүлөр менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча коронавирустан айыккан адамдардын саны 35 831ди түздү. Ал эми жуктургандар жалпысынан 42 703кө жетти.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 345 адам коронавирус илдетин жеңип чыкса, 196 киши ооруну жуктуруп алды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Айыгып чыккандарды аймактар боюнча бөлүп карай турган болсок, жагдай төмөнкүчө:

  • Бишкек – 96;
  • Жалал-Абад облусу – 59;
  • Ош шаары – 43;
  • Ысык-Көл облусу – 40;
  • Ош облусу – 35;
  • Баткен облусу – 34;
  • Чүй облусу – 23;
  • Нарын облусу – 10;
  • Талас облусу – 5.

Ал эми жаңы жуктуруп алгандар бул райондордо катталды:

  • Жалал-Абад облусу – 49;
  • Бишкек – 35;
  • Ош облусу – 34;
  • Ысык-Көл облусу – 24;
  • Баткен облусу – 18;
  • Чүй облусу – 16;
  • Ош шаары – 9;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 3.

Республика боюнча коронавирустан айыккан адамдардын саны 35 831ди түздү. Ал эми жуктургандар жалпысынан 42 703кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0