Ысык-Көл менен Нарында жарык өчүрүлөт. Элдин карызы 100 млн сомго чукулдады

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATПроблема с электричеством в Марселе
Проблема с электричеством в Марселе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чыгыш электр" карыздар убагында төлөнбөсө күз-кыш мезгилдерине толук кандуу даярдык көрүлбөй каларын эскертти.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кийинки жума, 24-августтан тарта, Ысык-Көл менен Нарын облустарындагы электр энергиясына карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрүү пландалууда. Бул туурасында "Чыгыш электр" ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-августка карата дебитордук карыздардын суммасы Ысык-Көлдө 52,6 миллион, Нарын облусунда 46,7 миллион сомдон ашып, жалпы карыз 99,4 миллион сомго жеткен.

Электр энергиясы көп өчүрүлүп жатат. Көйгөй эмнеден чыкты

"COVID-19 пандемиясына байланыштуу март айынан тарта өкмөт тарабынан төлөмдөрдү аткарууну үч айга токтото туруу чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө "Чыгыш электр" ишканасы дебитордук карыздардын кесепетинен каржылык чыгымга учуроодо. Бул күз-кыш мезгилдерине сапатсыз даярдык көрүүнүн негизги себеби болушу ыктымал. Андыктан электр энергиясы үчүн карыздарды кечиктирбей төлөп турушуңуздарды суранабыз", — деп кайрылды ишкана.

Төлөмдөрдү райондук электр тармактары, почта, терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу аткарууга болору эскертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0