Беларусь: Тихановская жумушчуларды митингди улантууга чакырды

© AP Photo / Sergei GritsКандидат на президентских выборах Светлана Тихановская
Кандидат на президентских выборах Светлана Тихановская - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Тихановская шайлоонун жыйынтыгына ишенбей, кайра добуш берүүнү талап кылууда.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Беларуста президенттике мурдагы талапкер Светлана Тихановская видео аркылуу ири ишканалардын кызматкерлерине кайрылып, нааразычылык акциясын улантууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Урматтуу беларус эли, митингге чыгып жаткан ири ишканалар эркин Беларустун символу. Беларустун келечеги — балдарыбыздын келечеги. Силерден суранарым — митингдерди токтотпогула", — деди Тихановская.

Өзүнүн айтымында, анын негизги максаты — саясий туткундарды бошотуу жана кайрадан шайлоо өткөрүү.

Элге рахматын айткан Лукашенко, кооптонгон коомчулук. Беларустагы абалга баяндама

Эске салсак, Беларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Нааразылык акциясына чыккандар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир нече адам жабыр тарткан. Тихановская шайлоонун жыйынтыгына ишенбей, кайра добуш берүүнү талап кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0