Абитуриенттер. Архивдик сүрөт

18 миңден ашык абитуриент өттү. ЖОЖго кабыл алуунун төртүнчү туру аяктады

74
Августтун баш жагында окуу жайга кабыл алуунун үчүнчү туру аяктаган. Бирок министрлик бош орундар калгандыгына байланыштуу дагы бир сынак жарыялаган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Окуу жайларга кабыл алуунун төртүнчү турунун жыйынтыгы менен 18 миңден ашык абитуриент кабыл алынганын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, гранттык окутууга 5 012 бала, акы төлөө келишими боюнча 18 087 абитуриент кабыл алынды.

Министрлик студенттерди онлайн окутуу кандай форматта жүрөрүн түшүндүрдү

Өлкөдө жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үч туру тең аяктап, гранттык жана контракттык бош орундар калгандыктан дагы бир сынак жарыяланган

Белгилей кетсек, коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында 2020-2021-окуу жылындагы окуу процессин онлайн режиминде жүргүзүү чечими кабыл алынган.

74
Белгилер:
келишим, грант, окуу, абитуриент, ЖОЖ, Билим берүү жана илим министрлиги
Тема боюнча
Этникалык кыргыздар ЖОЖдон акысыз билим алат. Сынактын убактысы
Сабак учурунда биринчи класстын окуучусу. Архив

5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп

27
(жаңыланган 11:18 28.09.2020)
Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 5-октябрдан тарта окуучулар мектепке барып салттуу режимде окуй баштайт деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар кайрылып, мессенжерлерде 5-октябрдан тарта салттуу режимде окуу баштала тургандыгы боюнча министрликтин буйругу тарап жатканын айтышкан.

Буйрук "Билим берүү уюмдарында 2-6-класстардын окуучуларын реалдуу шартта окутууга даярдык көрүү боюнча" деп аталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бул буйрукту министрлик чыгарбаганын айтып, документ реалдуу окууга даярдык боюнча гана район деңгээлинде жасалганын билдирди.

"Мындай маселени министрлик чечпейт, буйруктун бизге тиешеси жок. Чечимди өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды карап көрүп, алгач Республикалык штаб кабыл алат. Андан кийин гана министрлик буйрук чыгарат", — деди министрликтин маалымат кызматынын өкүлү.

Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

Бирок кийинчерээк билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова баары эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды экенин айтып, балдардын качан мектепке барары белгисиз экенин билдирген.

27
Белгилер:
буйрук, министрлик, сабак, бөбөктөр, мектеп, окуу
Тема боюнча
Балага мектепте басмырлоо болуп жатканын кантип билсе болот. Адистин кеңеши
Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

41
(жаңыланган 10:25 28.09.2020)
Кечээ Москва облусундагы логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан ондогон кыргызстандык жабыркаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көпүрөнүн урашынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы FM LOGISTIC  логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган. Соңку маалыматтар боюнча, 51 кыргызстандык ар кандай жаракат алган

"Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктан жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. Ошондой эле мекендештердин дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Боронов муну менен катар Жекшенкуловго кырсыктын келип чыгышын иликтеген Россиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып турууну жана алар менен биргеликте иш жүргүзүшү керектигин айткан.

41
Белгилер:
тапшырма, жардам, мекендештер, Аликбек Жекшенкулов, Кубатбек Боронов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө