Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстан Россиянын төрт шаарына туруктуу авиакаттамды жандантат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүВозобновление авиарейсов в курортные города Турции
Возобновление авиарейсов в курортные города Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары, Казакстан, Кувейт жана Өзбекстан менен каттамдарды жандантуу аракети каралып жатканы айтылат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Россия менен туруктуу авиакаттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстандын авиациясы: каттамдарын жанданышы, №1 борт жана Европа биримдигинин кара тизмеси" аталышындагы брифингге катышкан.

Жакында Кыргызстандын үч шаарга каттаган ички рейстери көбөйөт

Акышевдин айтымында, Кыргызстандагы учуулардын негизги географиясы Россия менен байланыштуу.

"Азыркы тапта Россия менен туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат. Анда Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург шаарлары тууралуу сөз жүрүүдө. Бул каттамдар учурда чартердик негизде гана жүргүзүлүп келген, сентябрда ачылат деп ойлоп жатабыз. Азыр бул боюнча иштер жүрүүдө", — деп билдирди Акышев.

Мындан сырткары, ал Казакстан, Кувейт жана Өзбекстан менен каттамдарды жандантуу аракети каралып жатканын кошумчалады.

Жарандык авиация агенттигинин директору Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен авиа байланыштарды жандантканын эске салды

Жаңылыктар түрмөгү
0