Кыргызстан 31 өлкөнүн жарандарына чек арасын ачты. Тизме

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарында Ала-Тоо аянтында Манас эстелиги. Архив
Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтында Манас эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстан 31 мамлекеттин жарандарына өз аймагына кирүүгө урусат берди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

"Коронавирус инфекциясынын жайылышы төмөндөгөн жана эпидемиологиялык абал турукташкан өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттердин тизмеси:

  • Россия
  • Грузия
  • Азербайжан
  • Армения
  • Беларусь
  • Казакстан
  • Түркмөнстан
  • Бельгия
  • Австрия
  • Улуу Британия
  • Германия
  • Ирландия
  • Исландия
  • Италия
  • Латвия
  • Литва
  • Лихтенштейн
  • Люксембург
  • Португалия
  • Түркия
  • Швейцария
  • Швеция
  • Катар
  • БАЭ
  • Кытай
  • Малайзия
  • Түштүк Корея
  • Пакистан
  • Словения
  • Кувейт
  • Япония

Эске салсак, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон. Андан бери Кыргызстанга чертердик, жүк ташуучу жана гуманитардык рейстер гана каттап жаткан.

Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Ал эми сыртка дипломаттар, мамлекеттик делегация жана чет элдик үй-бүлө мүчөсү бар айрым кишилер гана чыгарылып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0