Аткезчилик менен камалган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу. Архивдик сүрөт

Аткезчилик менен камалган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу абактан чыкты

241
(жаңыланган 20:14 21.08.2020)
Мурдагы депутат Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылып, былтыр 18-ноябрда Кыргызстанга экстрадицияланган болчу.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Аткезчиликке айыпталып камалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

ЖАМК экс-депутат эмненин негизинде бошотулганы туурасында маалыматты Жогорку соттон алууну сунуштады.

ЖАМК Икрамжан Илмияновдун жатак абагына которулган себебин айтты

Ал эми Жогорку соттун маалымат кызматы Асылбек уулунун иши боюнча 19-августта отурум болгонун айтып, бирок чыгарган чечими жана башка толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

Дамирбек Асылбек уулунун иши

2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын укук коргоо органдары атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу да болгон. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Кийинчерээк ал маалымат тастыкталып, депутаттык мандаттан ажыратылган.

Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 264 ("Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү") жана 234-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") боюнча айып тагылган.

Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту

Ал эми 2019-жылы 24-апрелде Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык соту Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылмак.

Бирок 18-ноябрда экс-депутат менен кошо кармалган дагы эки кыргызстандык Казакстандан мекенине экстрадицияланган. Асылбек уулу Молдовановка айылындагы №27 абакта, эки шериги Петровка айылындагы №8 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.  

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.

241
Белгилер:
депутат, бошотуу, абак, сот, Дамирбек Асылбек уулу, Казакстан
Тема:
Казакстанда кармалган ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу (37)
Тема боюнча
Батукаевдин иши: дарыгер менен ЖАМК төрагасынын кеңешчисине өкүм чыкты
Садыр Жапаровду эмне үчүн жатак абагына которууга болбойт. ЖАМКтын түшүндүрмөсү
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет. Архив

БУУнун жогорку комиссары өкмөттүн чек арадагы жаңжалды жөнгө салуусун кубаттады

78
(жаңыланган 00:02 06.05.2021)
Эл аралык уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы чек арадагы кырдаалды башынан бери кылдаттык менен байкап келе жаткандыгын билдирген.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Женевада иш алып барган Данияр Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Ага ылайык, Мукашев кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжал жана учурдагы кырдаал жөнүндө кеңири маалымат берди.

Туруктуу өкүл кагылышуунун натыйжасында өлкөдөн 36 жаран каза болгондугун, басымдуу бөлүгү карапайым эл экенин, анын ичинде эки бала (5 жана 12 жашта) бардыгын белгилеген. Ошондой эле 160 адам жаракат алып, 30 миңге жакын киши жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болуп, объектилер кыйраганын айткан.

Мукашев кыргыз тарап чек ара маселелерин аскер күчү менен чечүүнү жактабай келгендигин жана талаш маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууну биринчи орунга коёрун билдирген.

Мишель Бачелет БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (АУЖКБ) кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды башынан бери кылдаттык менен байкап келе жаткандыгын айткан. Ал ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана анын курчуп кетишине жол бербөө боюнча аракеттерин кубаттаган.

Мындан сырткары, АУЖКБ эки мамлекеттин чек арасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүп турарына ишендирген.

78
Белгилер:
Жаңжал, чек ара, ТИМ, БУУ, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек арадан көзүн албаган "Шер" атайын отрядынын спецназы. Фотофакт
Баткенге башчы болгон Абдикарим Алимбаев алгач "Головнойго" барды. Сүрөт
ИИМдин Ички аскерлеринин Шер атайын дайындоодогу отрядынын аскери

Чек арадан көзүн албаган "Шер" атайын отрядынын спецназы. Фотофакт

436
(жаңыланган 22:33 05.05.2021)
Сүрөттө ИИМдин Ички аскерлеринин "Шер" атайын дайындоодогу отрядынын аскери Баткендеги мамлекеттик чек араны кайтарып турат.

Сүрөттү Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотокабарчысы Табылды Кадырбеков тартып алган.

Солдат отряда специального назначения ШЕР на кыргызско-таджикской границе в Баткенской области
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сүрөттү Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотокабарчысы Табылды Кадырбеков тартып алган

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда "Шердин" спецназдары "Головной" суу бөлүштүрүүчү жерин кошумча күч келгенче алты саат бою позициясын бербей коргоп турганы белгилүү болду.

Солдат отряда специального назначения ШЕР на кыргызско-таджикской границе в Баткенской области
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда "Шердин" спецназдары "Головной" суу бөлүштүрүүчү жерин кошумча күч келгенче алты саат бою позициясын бербей коргоп турганы белгилүү болду
436
Белгилер:
сүрөт, кайтаруу, чек ара, спецназ, Аскер, ИИМ, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар
Садагам кызым, периштем... Мадинаны жоктоп кан жуткан ата-эненин күйүтү
Катуудан казаны, жумшактан күлү... Кан төгүлгөн чек ара жаңжалынан 18 ирмем
Прездинет Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен. Архив

Токаев Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады

0
(жаңыланган 00:49 06.05.2021)
Токаев Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кесиптеши Садыр Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады. Бул тууралуу Акорданын сайтында жазылган.

Казакстандын лидери жиберген куттуктоо телеграммасында Нур-Султан Бишкекке ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги айтылат.

"Эл тарабынан колдоого алынган Баш мыйзам Кыргызстанды өнүктүрүүнүн, суверендүүлүгүн коргоонун жана коомду андан ары консолидациялоонун узак мөөнөттүү стратегиясынын негизин түзөт. Сиздин демилге жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары мындан ары дагы ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында Токаев Жапаровго кыргыз элинин бакубаттуулугу жана келечеги үчүн жооптуу миссиясында чоң ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Анын алкагында кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрдү

0
Белгилер:
Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Көбү ордунда калды. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн тизмеси
Кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрдү. Жапаров жарлыкка кол койду