Кан басымды дарысыз эле көтөрсө болот. Үч жөнөкөй ыкма

© REUTERS / Bryan ThomasКондитерская Colson в Нью-Йорке
Кондитерская Colson в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер дарт оорлошуп, адам кыйнала баштаганда дарыгерге кайрылып, медициналык кеп-кеңеш алуу керектигин белгилеп келишет.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Дарыгер жана теле алып баруучу Сергей Агапкин кан басымды дарысыз көтөрүүнүн жөнөкөй жолдорун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, биринчи кезекте кан басымы өйдө-ылдый болуп "ойноп турган" сыркоолор сууну көп ичүүсү керек.

"Бир күндө канча суу ичериңизди өлчөп, анын көлөмүн бир жарым эсеге көбөйтүңүз", — деди дарыгер.

Агапкин ошондой эле рационго аз сандагы туздуу азыктарды жана бир-эки чыны кофе кошууга кеңеш берген.

Нефролог бөйрөктү талкалай турган азыкты атады

"Туз организмдеги суюктукту кармап, кан басымды жогорулатат, кофеин кан тамырларды өз калыбында кармап турууга өбөлгө болот", — деди Агапкин.

Кан басымды жогорулатуунун үчүнчү жөнөкөй ыкмасы – кадимки билекти машыктыруучу эспандер менен иштөө. Агапкиндин айтымында, бул шайман менен күнүнө жок дегенде беш мүнөттүк машыгуу кан айланууну калыбына келтирип, ден соолуктун жалпы абалын жакшыртат.

Жаңылыктар түрмөгү
0