БШК бир партияны үгүттөгөн мэрия кызматкеринин ишин прокуратурага жөнөттү

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекДеятельность мэрии города Бишкек
Деятельность мэрии города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
№12 МАБ жетекчиси үй башчыларын жана кварталдык комитеттерди үгүттөп жүргөнү боюнча БШКга видеоматериалдар түшкөн.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май районунун №12 муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) жетекчиси кайсы партияны үгүттөп жатканы аныкталып, жоопкерчилигин кароо үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымат кызматы кабарлады.

Шайлоого катышып жаткан партиялардын бири БШКга №12 МАБдын жетекчиси Т.К. кызматтык абалынан пайдаланып үй башчыларына жана кварталдык комитеттерге үгүт ишин жасап жүргөнү боюнча видеоматериалдарды жиберип, арызданган.

Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат

“Жумушчу топ даттанууларды карап чыгып, мыйзам бузуу болгонун аныктады. Андан соң маселе БШКнын жыйынында каралып, МАБдын башчысы Т.К. аракетин жосунсуз иш деп эсептеп, ага эскертүү берүү чечимин кабыл алды. Ошону менен бирге муниципалдык кызматкерге укуктук баа берүү жана жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдар прокуратурага жиберилет”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Касымов менен ал үгүттөп жүргөн партиянын чын эле байланышы бар-жогу иликтенери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0