БУУнун Өнүктүрүү программасы БШКга 2 550 планшет берди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСпецпроект "Обучение планшетной грамоте" для людей старшего возраста в Москве
Спецпроект Обучение планшетной грамоте для людей старшего возраста в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гаджеттер БШК менен участкалык шайлоо комиссиялары ортосунда маалыматтарды ыкчам алмашуу максатында алынган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 2 550 планшет берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Техникалык жардам Япония өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан “2020-2021-жылдары Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо” боюнча ПРООНдун программасынын алкагында алынган.

Шайлоо: Мадумаров жана Шайлдабекова даярдыкты талкуулашты

“Шайлоону уюштурууда жана добуш берген күнү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү планшеттердин жардамы менен талаш жараткан процедуралык маселелер боюнча БШКга кайрыла алышат. Ошондой эле укук бузуулар тууралуу ыкчам маалымдап турушат. БШК мүчөлөрүнүн планшеттерди пайдалануусу шайлоонун жүрүшүндө ар кандай мүчүлүштѳрдү болтурбоого өбөлгө болот”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга белгиленген. Ал эми шаардык кеңешке шайлоо 12-апрелде өтмөк, бирок коронавирус пандемиясынан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0