Беткапчан бала. Архив

Беш жашка чейинки балдарга бет кап тагып кыйнабагыла! ДССУнун сунушу

250
(жаңыланган 14:03 23.08.2020)
Эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, балдар 12 жаштан кийин чоң кишилер сыяктуу бет кап тагынып, санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоого тийиш.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) коронавирус пандемиясына байланыштуу беш жашка чейинки балдарга маска такпай эле коюуну сунуштады. Бул тууралуу эл аралык уюмдарга таянуу менен РИА Новости жазды.

"Беш жаштагы жана андан кичинекей балдардан бет кап кийишин талап кылбаган оң. Бул баланын коопсуздугуна жана жалпы кызыкчылыктарына, ошондой эле масканы колдонуу мүмкүнчүлүгүнө негизделген", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 6 жаштан 11 жашка чейинки балдарга бет кап тагууда ДССУ менен ЮНИСЕФтин бир катар сунуштарын эске алуу керек. Буга бала жашаган жерде вирустун жайылуу деңгээли, баланын масканы коопсуз жана туура колдонуу жөндөмү, чоң кишилердин тийиштүү көзөмөлү, масканын окууга жана психосоциалдык өнүгүүгө тийгизген таасири жана башкалар кирет.

Адамзат COVID-19ду качан жеңет? ДССУ башчысынын билдирүүсү

Ал эми 12 жаштагы жана андан улуулар чоң кишилер сыяктуу эле бет кап тагынып, санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоого тийиш экендиги кошумчаланды.

250
Белгилер:
сунуш, балдар, беткап, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1067)
Тема боюнча
Окумуштуулар кол алышып учурашуудан биротоло баш тартууга чакырып жатат
Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак

Мэрия: Маданият министрлигине кайра айып салынды

28
(жаңыланган 18:39 29.09.2020)
Жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси ("Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу") боюнча протокол түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Дайверлер Ысык-Көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды алып чыгышты. Сүрөт

Мусор в парке имени Кычана Джакыпова на пересечении улиц Ю. Абдрахманова и Мичурина в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн.

Айып Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан салынган. Маалыматка караганда, көпчүлүк жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн. 

Мусор в парке имени Кычана Джакыпова на пересечении улиц Ю. Абдрахманова и Мичурина в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Айып Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан салынган.
"Санитардык инспекциянын өкүлдөрү жерине барып парктын аймагы чын эле каралбай калганына күбө болушкан. Буга байланыштуу министрликке карата эскертүү берилген. Бирок коомдук жай дагы деле иретке келтирилген жок. Ошондуктан 293-берене боюнча протокол түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия элди таштанды ыргытпоого чакырып, ишканасынын, үйүнүн айланасын таза кармоону суранды.

28
Белгилер:
Маданият министрлиги, тазалык, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкекте жаңы конуштун тургундары мектептин жанына таштанды үйүп салышкан
Суу өчүрүү убагында. Архив

Бишкектеги эки конушта 1-октябрь күнү суу болбойт

37
(жаңыланган 17:09 29.09.2020)
Калаа тургундары суу боюнча суроолор жаралса бирдиктүү 1533 номерине чала алышат. Мындан сырткары, мэриянын 1840 жана 1850 линиясы иштеп жатат.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Кышка даярдык көрүү үчүн суу түтүктөрү оңдолуп жаткандыктан 1-октябрда Бишкектеги Ынтымак менен Арча-Бешик конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ичүүчү суу эртең мененки саат 9.00дөн кечки саат 18.00гө чейин болбойт. Белгилей кетчү жагдай, Арча-Бешик конушунун биринчи көчөсүнөн жетинчи көчөсүнө чейинки гана бөлүгүндө суу жок болуп, башка жактарында үзгүлтүккө учурабайт.

Кезекке турсаңыз болот! Бишкектин чок ортосуна жаңы бала бакча ачылды. Сүрөт

Калаа тургундары суу боюнча суроолор жаралса бирдиктүү 1533 номерине чала алышат. Мындан сырткары, мэриянын 1840 жана 1850 линиясы иштеп жатат. Көйгөйлөр боюнча сүрөт, видеолорду 0554 182-185 WhatsApp номерине жөнөтүүгө болот.

37
Белгилер:
жаңы конуштар, таза суу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Мамкаттоо айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзгөн жаңы сервис иштеп чыкты
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Бишкекте төрт машина кагышты. Видео

0
(жаңыланган 19:39 29.09.2020)
Төрт машина кагышкан жол кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя шаардын түндүк тарабында, Элебесов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Бишкекте бүгүн төрт жеңил унаа кагышканын Кайгуул милициясынан билдиришти.

Жол кырсыгынын видеосу Telegram-каналынын “Короче” тайпасына жарыяланды.

Окуя Фере жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктын айынан Баялинов көчөсүнө чейин тыгын жаралган.

Милициядан билдиришкендей, жабыркагандар жок.

0
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема боюнча
Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду