Коронавирус: кечээ 341 бейтап ооруну жеңсе, дагы 134ү вируска кабылды

© AFP / JEAN-FRANCOIS MONIERМедициналык кызматкер коронавируска алынган кан үлгүсү менен
Медициналык кызматкер коронавируска алынган кан үлгүсү менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыгып чыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда катталды. Жуктургандардын көбү борбор калаада.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 341 бейтап коронавирустан сакайып чыкса, 134 кишинин вирусту жугузуп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Гриппке каршы эмдөө жүрөт: вакцина кайдан келип, кимге сайылат. 11 суроого жооп

Кечээ COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

  • Бишкек — 120;
  • Ош шаары — 42;
  • Чүй облусу — 24;
  • Ош облусу — 26;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 27;
  • Жалал-Абад облусу — 64;
  • Баткен облусу — 29.

Ал эми коронавирусту жуктуруп алгандар бул жакта катталды:

  • Бишкек — 33;
  • Ош — 3;
  • Чүй облусу — 12;
  • Ош облусу — 21;
  • Талас облусу — 5;
  • Нарын облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 16;
  • Жалал-Абад облусу — 27;
  • Баткен облусу — 9.

Ушуну менен республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 36 397 киши болду. Жуктургандар жалпысынан 43 023кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0