Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги

© Фото / предоставлено Каныбеком ДанияровымСадовод Каныбек Данияров
Садовод Каныбек Данияров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 64 жаштагы тургуну Каныбек Данияров кесиби боюнча актер. Бирок ал ден соолугуна жана жашоо шартына байланыштуу көп жылдан бери багбанчылык менен алектенип келет.

Пайгамбар жашынан өтүп калган мекендешибиз каралбаган жерди гүлдөтүп бакча кылып, жергиликтүүлөрдүн эс алуучу жайына айланткан. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жаратман инсан менен маек курду.

— Канча жылдан бери багбанчылык менен алектенип келесиз?

— Ташкенттеги театралдык институтту ырчы Асылбек Өзүбеков менен чогуу бүтүргөм. 1979-жылы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын драма театрында тогуз ай актер болуп иштеп, кийин аскерге кеттим. Ал жактан кайтып келген соң Фрунзедеги филармонияда Алтынбек Сапаралиев жетектеген кыргыз эстрадалык ансамблине ырчы болуп кирдим. Ош кыргыз драма театрында иштеп жүрүп ооруп, операция болуп майыптык алып калдым. Кийин Ош облустук телевидениесинде режиссер болуп эмгектенгем. Союз тараган 90-жылдары өз алдымча жеке жарнама гезит ачып иштеп, басылма Кыргызстандын түштүк аймагына жакшы таанылган. Азыр деле ал иштеп, өзүнүн басмаканасы да бар. Өзүм Кетмен-Төбө өрөөнүнөн болом. Жаш өтүп калгандан кийин туулуп-өскөн жакка тартып калат экен. Бир жолу айылыма баратсам Чычкан дарыясынын боюнда бир гектар жер сатылат деген жарнама туруптур. Ээси менен сүйлөшүп, аны 2011-жылы күзүндө сатып алып, 2012-жылы иштете баштагам. Ошондо Бишкек шаарынан, Баткен, Чүй облусунан мөмөлүү дарактын көчөттөрүн алып келип тигип койгом. Интернет-дүкөндөр аркылуу Украинадан крыжовник, сары малина, сары, ак карагатты заказ менен алдыргам.

Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек

© Фото / Каныбек ДанияровКаныбек Данияров каралбаган жерди гүлдөтүп бакча кылып, жергиликтүүлөрдүн эс алуучу жайына айланткан.Азыр карагаттын жети, алманын үч, крыжовник (жемиштүү бадал өсүмдүктүн бир түрү), өрүк, алмурут, шабдалы, кокон гилас, курма, кара өрүк, жүзүм өстүрөт. Бак-дарактардан долоно, зараң, липа, каштан, калина да тиккен.
Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Данияров каралбаган жерди гүлдөтүп бакча кылып, жергиликтүүлөрдүн эс алуучу жайына айланткан.Азыр карагаттын жети, алманын үч, крыжовник (жемиштүү бадал өсүмдүктүн бир түрү), өрүк, алмурут, шабдалы, кокон гилас, курма, кара өрүк, жүзүм өстүрөт. Бак-дарактардан долоно, зараң, липа, каштан, калина да тиккен.

— Бакчаңыз түшүм бере баштаганда мөмө-жемиштерди кайра иштете баштаган экенсиз?

— Бак түшүм берип, аны бала-бакыра, тууган-туушкан, жоро-жолдоштор жей баштады. Ошондо ашканын сатмак белем деп ойлонуп, 2016-жылы алмадан шире чыгаруучу ишкана ачууга бел байладым. Ал үчүн жабдууларды Австриядагы бир фирмадан заказ берип алып келип орнотком. Кудайга шүгүр, ошондон бери элдин алмасын сатып алып, жыл сайын 50 тонна шире чыгаруудабыз. Экологиялык таза, кант жана боек кошулбаган продукциябыз таанылып калды, азыр ага суроо-талап жакшы эле.

© Фото / Каныбек ДанияровКаныбек Данияров: өзүбүзгө чакан күнөскана куруп койгом. Ал жерде лимон, инжир, мандарин, банан, анар, гуава жана түркүн гүлдөр бар.
Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Данияров: өзүбүзгө чакан күнөскана куруп койгом. Ал жерде лимон, инжир, мандарин, банан, анар, гуава жана түркүн гүлдөр бар.

— Учурда бакчаңыздарга эмнелерди өстүрөсүз?

— Алма багыбыз Бишкек — Ош жолунун боюнда жана Токтогулга жети чакырым жетпей жайгашкан. Сатып алган жерим мурун иштетилбей эле жаткан болчу. Башында ишти баштаганда мөмө-жемиштин көп түрүн өстүрөйүн деген тилек болгон. Азыр карагаттын жети, алманын үч, крыжовник (жемиштүү бадал өсүмдүктүн бир түрү), өрүк, алмурут, шабдалы, кокон гилас, курма, кара өрүк, жүзүм өстүрүп жатам. Бак-дарактардан долоно, зараң, липа, каштан, калина да тиккем.

85 гектар жерди эки киши сугарып жетишет. Тоңдогу жаңычыл багбан менен маек

Андан сырткары, өзүбүзгө чакан күнөскана куруп койгом. Ал жерде лимон, инжир, мандарин, банан, анар, гуава жана түркүн гүлдөр бар.

— Жашы өтүп калган адам үчүн багбанчылык эрмектеген жакшы иш эмеспи, сиз өзүңүздүн бакта кыбырап жүрүп эс алып калсаңыз керек?

— Негизи мен бакты эрмек катары эле карайм. Аны жазында кыйыштырып, бутап, сугарып эрмектейм. Тиккен көчөт өсүп-өнүп, гүлдөп, бүчүр байласа ырахат алам. Ал жерден чоң киреше таап, байып кетейин деген деле максат жок. Эгер адам багбанчылыкты аркалап ишкерлик кылам десе, кенен жер болсо, жаштайынан эле аракет кылса сөзсүз жыйынтык болот. Негизи жашпы же карыбы, бир нерсе менен алектенип, кыймылдап турганга эмне жетсин. Анткени жашоодо деле көрүп жүрөбүз, элүү жыл жашап, эшигинин астына эки түп дарак тигип койбогондор бар.

© Фото / Каныбек ДанияровКаныбек Данияров: 2016-жылы алмадан шире чыгаруучу ишкана ачайын деп жабдууларды Австриядагы бир фирмадан заказ берип алып келип орнотком. Ошондон бери элдин алмасын сатып алып, жыл сайын 50 тонна шире чыгарабыз. Экологиялык таза, кант жана боек кошулбаган продукциябыз таанылып калды, азыр ага суроо-талап жакшы эле.
Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Данияров: 2016-жылы алмадан шире чыгаруучу ишкана ачайын деп жабдууларды Австриядагы бир фирмадан заказ берип алып келип орнотком. Ошондон бери элдин алмасын сатып алып, жыл сайын 50 тонна шире чыгарабыз. Экологиялык таза, кант жана боек кошулбаган продукциябыз таанылып калды, азыр ага суроо-талап жакшы эле.

— Жөн эле жаткан жерге түрдүү мөмө-жетиш тигип, көптөгөн токтогулдуктарга үлгү боло алган экенсиз да?

— Бир нече жыл мурун биздин бакты бир телеканал тартып кеткен эле. Ошондон бери  жергиликтүү тургундар бакчамды көргөнү көп келе баштады. Анан алар кооз жер экен, эс алып кетеличи, конок, куда тосуп алалычы деп жанымды койбой коюшту. Былтыртан баштап эс алуучу жайларын куруп койдум. Өздөрү тамак-ашын жасап бак аралап эс алып кетишет. Өзүбүз үчүн узуну 25 метр, туурасы жети метр болгон бассейн салып койгом. Жайкысын тегеректеги балдар келип түшүп турушат. Жөнөкөй багыбыз бара-бара туризм жайына айланып, эргүү алчу жай болуп кетти.

© Фото / Каныбек ДанияровКаныбек Данияров: Алма багыбыз Бишкек — Ош жолунун боюнда жана Токтогулга жети чакырым жетпей жайгашкан. Сатып алган жерим мурун иштетилбей эле жаткан болчу. Башында ишти баштаганда мөмө-жемиштин көп түрүн өстүрөйүн деген тилек болгон.
Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Данияров: Алма багыбыз Бишкек — Ош жолунун боюнда жана Токтогулга жети чакырым жетпей жайгашкан. Сатып алган жерим мурун иштетилбей эле жаткан болчу. Башында ишти баштаганда мөмө-жемиштин көп түрүн өстүрөйүн деген тилек болгон.

— Сиздин мисалыңызда айтсак, бир гектар жерден канча киреше тапса болот?

— Мен багбанчылык менен киреше табуу үчүн алектенген жокмун. Киреше табам деген киши бир сотых жерден да киреше табат, аны менен бала-бакырасын багат. Мисалы, мен Ош шаарында иштеп жүргөндө көп кабаттуу үйдө жашачумун. Терезенин алдында чакан жерибиз бар болчу, туурасы төрт, узуну алты метр болгон. Мен ошол жерге помидор айдап, түшүмүн жайында жеп, калганын кышкыга даярдачубуз. Эмгектенем деген киши сөзсүз баштаган ишинин ыгын табат. Анан өзүмдүн максатым киреше таап, чоң бизнес кылуу болбогондуктан жеке ырахатым үчүн кыбырайм. Ал эми алманын ширесинен пайда тапса болот. Чакан ишкананы ачканда эң аз өндүрүмдүү шайман алгам, ал саатына 100 литр шире даярдайт. Жыл сайын сентябрь, октябрь айында иштеп, чыгашасынан сырткары эки айда 500 миң сомдун тегерегинде таза киреше калат.

© Фото / Каныбек ДанияровКаныбек Данияров: Бакты жазында кыйыштырып, бутап, сугарып эрмектейм. Тиккен көчөт өсүп-өнүп, гүлдөп, бүчүр байласа ырахат алам. Ал жерден чоң киреше таап, байып кетейин деген деле максат жок.
Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Данияров: Бакты жазында кыйыштырып, бутап, сугарып эрмектейм. Тиккен көчөт өсүп-өнүп, гүлдөп, бүчүр байласа ырахат алам. Ал жерден чоң киреше таап, байып кетейин деген деле максат жок.

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

— Айыл жеринде бирөө бир иш баштаса, экинчиси шыктанат же аракет кылат. Сизден кеп-кеңеш алып жүргөндөр барбы?

— Ооба, андай кеп-кеңеш сурагандар көп эле. Өз көзү менен бакты көрүп, бир нерсе кылса болот экен деп кетишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0