Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Алехандро Мартинез Велез / Медиабанкка өтүүПарктын фонтанында балдар жуунушуп турушат. Архив
Парктын фонтанында балдар жуунушуп турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-августка караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү, 24-августта, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31…+36, Таласта +29…+34, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +32…+37, ал эми Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарында +25…+30 градус ысык болот.

Жайдын акыркы жумасы жаанчыл болобу? Бир аптага карата аба ырайы

Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында да жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +34...+36 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +24...26 градуска жетери божомолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0