ӨКМ "балдарга жасалган дарынын чачылары" тууралуу маалыматты төгүндөдү

© AP Photo / Sakchai LalitУчактан суу чачуу. Архив
Учактан суу чачуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы сааттарда кыргызстандыктардын мессенжерлерине учактан дары чачуу тууралуу билдирүүлөр келип жатат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекте учактан дары чачуу тууралуу маалыматты четке какты.

Акыркы сааттарда кыргызстандыктардын WhatsApp мессенжерлерине аудиобилдирүү келип, анда эркек самолеттон дары чачылары тууралуу эскертип жатканын угууга болот.

Билдирүүдө дары балдарга арналганы да айтылат.

Акунов: суу сатылып жатат деген маалымат жалган

ӨКМ мындай маалыматты фейк деп атады.

"WhatsApp аркылуу түндө учак менен дары чачылат деген маалымат чыдыкка дал келбейт. Элден жалган кабарларды таратпоону өтүнөбүз", — деп айтылат блдирүүдө.

ӨКМ жол менен имараттарды залалсыздандыруу жөө же өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн автоунааларын тартуу менен жүргүзүлөрүн белгиледи. Бардык иштер санитардык талаптарга ылайык лабораториялык текшерүүдөн өткөндөн кийин жасалары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0