КРдеги коронавирус: 24-августта оорудан айыккандар менен жуктургандар

© AP Photo / Vladimir VoroninРабота стационаров в Бишкеке
Работа стационаров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку статистикага таянсак, республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 36 миңден ашса, ага кабылгандар 43 миңден көп болду.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 218 киши сакайып чыкса, дагы 103ү ооруну илештирип алды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Коронавирустун экинчи толкуну эмнеси менен кооптуу? Каратаевдин жообу

Ага ылайык, кечээ COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек — 107;
  • Ош шаары — 17;
  • Чүй облусу — 7;
  • Ош облусу — 25;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 20;
  • Жалал-Абад облусу — 21;
  • Баткен облусу — 19.

Бир сутка ичинде COVID-19дун жаңы учурлары төмөнкү жактарда болду:

  • Бишкек — 27;
  • Ош — 1;
  • Чүй облусу — 8;
  • Ош облусу — 8;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 29;
  • Баткен облусу — 19.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 43 126га жетти. Ал эми айыккандар 36 615 болду.

Министрлик: гепарин сыяктуу дарыны сактап жүргөндөр кеңеш алышы керек

Ошондой эле бир сутка ичинде тогуз медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медиктер арасында 3 101 учур катталды, алардын ичинен 2 385 медкызматкер айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0