ИИМ тик учак менен дары чачылат деген маалымат тараткандарды издеп жатат

© Фото / Pixabay / Free-PhotosБорьба с фейковой информации в КР
Борьба с фейковой информации в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ кыргызстандыктардын WhatsApp мессенжерине аудиобилдирүү келип, анда эркек кишинин тик учак менен дары чачылары тууралуу эскертип жатканын угууга болот.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги WhatsApp мессенжери аркылуу тик учак белгисиз затты чачып жүрөт деген аудиобилдирүү жазып, тараткан кишилерди издей баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Эске салсак, кечээ кыргызстандыктардын WhatsApp мессенжерине аудиобилдирүү келип, анда эркек кишинин тик учак менен дары чачылары тууралуу эскертип жатканын угууга болот.

ӨКМ "балдарга жасалган дарынын чачылары" тууралуу маалыматты төгүндөдү

"Жалган маалыматты эл арасына жайып жибергендер такталып жатат. Туура эмес жана такталбаган билдирүү тараткан адам КРдин Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык жазага тартылат. Мыйзамды билбөө адамды кылмыш жоопкерчилигинен куткара албайт", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин маалымат чындыкка дал келбей турганын ӨКМден дагы билдиришкен. Министрлик жол менен имараттарды залалсыздандыруу жөө же өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн автоунааларын тартуу менен жүргүзүлөрүн белгилеген. Ошондой эле бардык иштер санитардык талаптарга ылайык лабораториялык текшерүүдөн өткөндөн кийин жасаларын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0