Бишкекте "Тулпар" көзөмөл кызматы иштеп жатат. Эмне жумуш кылат?

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Тулпар" картасы. Архив
Тулпар картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия жол кире акысы карта менен төлөнбөсө, айдоочуларга көзөмөл кызматтын адистери акт түзөрүн кошумчалады.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкекте "Тулпар" картасын айдоочу, жүргүнчүлөр кантип колдонуп жатканын текшерүү үчүн "Тулпар" көзөмөл кызматы иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 1-марттан тарта борбор калаада "Тулпар" электрондук төлөм системасы ишке кирген. Анда жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарга киргенде жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөйт. Бирок пандемиядан улам система токтоп, 10-августта кайра жанданган.

"Тулпар" кызматынын адистери жүргүнчү карта менен жол кире төлөгөндүгүн, айдоочулар сата турган карталардын бар-жогун текшеришет. Ошондой эле валидаторлор иштеп жатканын көзөмөлдөп, аны колдонуу эрежелерин жүргүнчүлөргө түшүндүрүп беришет", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия жол кире акысы карта менен төлөнбөсө, айдоочуларга көзөмөл кызматтын адистери акт түзөрүн кошумчалады.

Бишкектин коомдук транспортунда "Тулпар" төлөм системасынын иши жанданат

"Түзүлгөн актылардын негизинде муниципалдык транспортто канчасы карта менен, канчасы накталай акча менен жол кирени төлөп жаткандыгын көрө алабыз. Бардык түзүлгөн актылар мэрияга чара көрүү үчүн өткөрүп берилет", — деп жазылат билдирүүдө.

Мэрия көзөмөл кызматтын адистери "Тулпар" деген жазуусу бар көк түстөгү жилеттерди киерин маалымдап, алардын ар бирине камера коюла турганын белгиледи. Ошондой эле жакын арада атайын портативдүү терминалдар менен жабдыла турганы айтылды. Терминалдын жардамы менен адис жүргүнчүнүн картасы аркылуу акыркы жолу качан төлөм жүргүзүлгөнүн билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0