Ошто сабалган 81 жаштагы карыя: милиция окуянын күбөлөрүн издеп жатат

Жазылуу
Өткөн аптанын аягында социалдык тармакта улгайган карыяны жанында отурган жигит ур-тепкиге алгандыгы тууралуу видео тараган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ошто 81 жаштагы карыянын сабалып жатканын көрүп, бирок милицияга кабарлап койбогон күбөлөр изделип жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Карыяны бейтааныш киши сабап жатканын Matiz автоунаасынын айдоочусу жана аны менен бирге отурган жарандар көргөн. Учурда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон дүкөндөгү видеокөзөмөлгө түшүп калган күбөлөрдүн аты-жөнүн тактап, издеп жатат", — деди Аширбаев.

Жатып калган кишини мыкаачылык менен сабады делген киши кармалды

Анын айтымында, алар окуя тууралуу милицияга кабар берген эмес. Бул нерсе кылмышты жашыруу болуп саналат.

Эске салсак, өткөн аптанын аягында социалдык тармакта улгайган карыяны жанында отурган жигит ур-тепкиге алгандыгы тууралуу видео тараган. Көп өтпөй окуя Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндө болгону аныкталган. Жабырлануучу алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аны себепсиз сабаган киши Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы жашоочусу экендиги белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0