Аял балдары менен кайыр сурап отурат. Архив

Кайыр сураган балдарды көрсөңөр чалгыла! Мэрия телефондорду жарыялады

85
(жаңыланган 09:05 25.08.2020)
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 111 номери да күнү-түнү иштээри айтылды. Рейд учурунда табылган балдардын сегизи ата-эне, туугандарына өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Мэрия Бишкекте кайыр сураган балдарга рейд жүргүзүп, аларды көрүп калгандар үчүн ишеним номерлерди жарыялады.

Ага ылайык, балдарга аёосуз мамиле жасагандарды же кайырчылык кылып жүргөн бөбөктөрдү көрүп калгандар 102 номерин терип милицияга кабарласа болот. Ошондой эле райондук үй-бүлөнү коргоо бөлүмдөрүнө да кайрыла алышат.

Телефондору:

  • Октябрь району, Назгүл Солтонбаева — 510375, 0772637987;
  • Ленин району, Нуриза Сталбекова — 883899, 0502021404;
  • Свердлов району, Тамара Акжолтоева — 530576, 0706821676;
  • Биринчи май району, Айбек Бекетаев — 670386, 0553 225 905.

Мындан сырткары, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 111 номери да күнү-түнү иштээри айтылды.

Мэрия Свердлов району боюнча кайырчылык кылган 13 бала табылганын кошумчалады. Алардын ичинен сегизи ата-энесине, туугандарына өткөрүп берилсе, бирөө реабилитациялык борборго жеткирилген. Төртөө милициянын каттоосуна алынган.

85
Белгилер:
Бишкек мэриясы, бала, телефон, рейд
Тема боюнча
Сузакта дайынсыз жоголгон үч бир тууган тилемчилик кылып жүргөн. Сүрөт
Колбаса азыктары. Архив

Жумасына жарым килограммдан көп жебеш керек. Эттин кооптуулугу эскертилди

13
(жаңыланган 09:57 28.10.2021)
Адис "жаман" майлар туурасында да эске салып, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Адам ичегисинин былжыр челин жакшы абалда сакташ үчүн кооптуу деген азыктардан баш тартып койгону дурус. Бул туурасында немец дарыгери Томас Фрилингдин башка басылмаларга айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Адис колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок деген азыктардын башына кантты койгон. Дарыгер таттуу болгон жерде бактериялардын кайсы бир түрү жакшы көбөйө тургандыгын эскертти. Андан аркы тизмесине туздалган, ышталган тамактар жана колбаса азыктарын кошкон.

"Булар канцероген заттары бар делген тизмедеги тамактардын катарына кирет, ошон үчүн кадимки кызыл этти (балык менен тооктукунан башкасын) да жумасына 500 граммдан ашык жебеш керек", — деген Фрилинг.

Адис "жаман" майлар туурасында да эскертип, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

Фрилинг пайдалуу азыктарды да санап берген. Биринчи орунда жашылча жана буурчактар турарын, алардын курамында клетчатка сыяктуу азыктар бар экенин айткан. Андан кийинки орунга банан, балык, жемиштердин пюреси, мундир кылып жасалган картошка жана кара нан чыккан.

13
Белгилер:
ден соолук, азык, дарыгер, кеңеш, колбаса, зыяндуу, банан, пайдалуу
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер пиязды ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
Кыз төшөктө отурат. Иллюстративдик сүрөт

Жакшы жатып жай туруу үчүн эмне жеш керектиги айтылды

36
Ал азыкта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Бул организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жер жаңгак майы жатар алдында жей турчу пайдалуу азыктардын бири. Бул тууралуу Америкалык диетологдор ассоциациясына шилтеме берип "Известия" жазды.

Жер жаңгак пастасында пайдалуу майлар менен белок бар, алар түнү бою курсакты ток кармайт. Диетологдор бул азыктын эки чай кашыгы эле 7 грамм белок менен 15 грамм пайдалуу май камтый турганын белгилеген.

Изилдөөлөр боюнча жер жаңгактын өзү жаман холестерин менен күрөшүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. Ошондой эле Е витамини бар, ал организмде аз болсо уйку начарлайт.

"Жер жаңгакта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Ал организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек", — деген диетолог.

Мындан сырткары, темир, марганец, фосфор жана магний минералдарына бай.

36
Белгилер:
жаңгак, май, уйку, диетолог
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер күздөгү уйку басууну кантип жеңсе болорун айтып берди