Кыргызстанда кечээ коронавирустан каза тапкандар болгон жок

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку бир жумадан бери коронавирустан кайтыш болгондордун статистикасы басаңдап, дээрлик токтоп калды.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстанда кечээ коронавирустан каза болгон адамдар катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирус жана пневмонияны эсепке алганда 1 057 адам көз жумду.

"Кудайга шүгүр, бүгүн каза болгондор катталган жок. Бирок жер-жерлерде үйүндө өз алдынча дарыланып, ооруканага кеч кайрылгандар, оор жана өтө оор абалда түшкөндөр азайган жок", — деди Каратаев.

437 адам COVID-19дан өлгөн эмес. Министрлик статистиканы кайра карап чыкты

Белгилей кетсек, соңку бир жумадан бери коронавирустан кайтыш болгондордун статистикасы басаңдап, дээрлик токтоп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0