Мурдагы комендант Алмазбек Орозалиев эми Бишкек шаардык милициясын жетектейт

© Фото / пресс-служба правительства КРИчки иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев. Архив
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө абал режими учурунда Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болгон. 2015-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп келет.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек милициясынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ошол эле учурда ал министрдин орун басарлык кызматын дагы сактап турат.

"Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүн буга чейин Канат Жумагазиев жетектеп келген. Бирок ал парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген соң, ордуна шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болгонго чейин Алмазбек Орозалиев убактылуу дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди

Эске салсак, өзгөчө абал режими учурунда Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болгон.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Мыйзамга ылайык, ага катышууну каалаган жаран мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда жетекчилик орундарды ээлесе, убактылуу андан четтеп турушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0