Баатырбеков: коронавирусту жуктурбоо үчүн иштелип чыккан алгоритм так аткарылсын

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков
Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт иштей элек бала бакчалардын ишин кайра улантуу, санитардык нормаларды сактоо боюнча иштелип чыккан колдонмону республиканын бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеткирүү тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Коронавирус инфекциясын балдарга жуктурбоо үчүн иштелип чыккан алгоритм так аткарылууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында маселе көтөрүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Билим берүү министрлигине иштей элек бала бакчалардын ишин кайра улантуу, санитардык нормаларды сактоо боюнча иштелип чыккан колдонмону республиканын бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеткирүү тапшырмасын берген.

Жалал-Абад облусунда быйыл 23 бала бакчаны бүткөрүү пландалууда

"Коронавирус инфекциясын балдарга жуктурбоо үчүн иштелип чыккан алгоритм так аткарылууга тийиш. Ар бир бала бакча жетекчиси нормалардын сакталышына жооптуу. Жергиликтүү бийлик органдары мектепке чейинки билим берүү жайлары талаптарды сактоо менен иштешине шарт түзүү үчүн бала бакчалардын жетекчилерине жардам берүүсү керек", — деген Баатырбеков.

Жыйындын жүрүшүндө айрым аймактардын эпидемиологиялык абалы талкууланды. Анткени кээ бир райондордо ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурларынын саны төмөндөбөй жатат.

Буга байланыштуу биринчи вице-премьер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын сакталышын көзөмөлгө алууну жана үймө-үй кыдырып, ооруп жаткандарды аныктоо иш-чараларын күчөтүү керектигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0