Боронов: өлкө боюнча 65 616 окуучуда смартфон жок экени аныкталды

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUОкуучулар сабак учурунда. Архив
Окуучулар сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 2 292 мектептин 99 пайызы толугу менен интернетке туташтырылган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Алдын ала жүргүзүлгөн мониторинг боюнча, өлкөдө 65 616 окуучуда смартфон жок экени аныкталды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов аралыктан окутуу маселесин көтөрүп жатып билдирди.

Өкмөт башчы бул маселе учурда чечилип жатканын, окуучуларды техника менен камсыз кылуу үчүн донорлор жардам бере турганын белгиледи. Мындан сырткары, ал 4 782 үй-бүлөдө телевизор жок экени аныкталганын да кошумчалады.

Министрлик өлкөдөгү канча мектеп жаңы окуу жылына даяр экенин айтты

"Мектептерди санариптештирүү маселеси чечилип жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2 292 мектептин 99 пайызы толугу менен интернетке туташтырылды. Жакында эле аймактарда 31 мектептин санариптеше электиги боюнча талкуу болгон. Анын ичинен азыркы тапта тогузуна интернет кошуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондо Кыргызстанда 22 мектепте эле интернет жок", — деди Боронов.

Премьер-министр мугалимдерди техникалык жактан камсыз кылуу көйгөйү да каралып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0