Аял акчаны калькулятор менен санап отурат. Иллюстративное фото

КРде унаа жана кыймылсыз мүлккө ким салык төлөшү керек? Түшүндүрмө

(жаңыланган 08:33 26.08.2020)
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө салык төлөөнүн мөөнөтү аяктап бара жатат. Кайсыл мүлккө канча төлөм алынарын салык кызматы айтып берди.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрлөрүнүн ээлери салык төлөшү керектигин эскертет.

Аянты 80 чарчы метрден ашкан батирлерге, 150 чарчы метрден ашкан менчик үйлөргө салык салынат. Эки батири же эки үйү бар жарандар мүлкүнүн бирине гана салык төлөйт. Бул мүлк ээсинин тандоосуна байланыштуу болот.

Турак жайга арналган бардык жер тилкелери үчүн салык алынат. Бишкек жана Ош шаарында бирдей тариф каралган, ар бир чарчы метр аянтка 1,5 сом салык төлөнөт. Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад, Каракол, Талас жана Чолпон-Ата шаарларында — 1 сом, ал эми тизмеге киргизилбеген шаарларда тариф 0,5 сом,  айылдарда бир чарчы метр аянтка белгиленген салыктын баасы 10 тыйын.

Боронов: июлда салык жыйымдары көбөйүп, бюджет тартыштыгы 2 млрд. сомго кыскарды

Транспорттун бардык түрүнөн салык алынат. Бул боюнча маалыматтарды Мамлекеттик салык кызматынын сall-борборунан 1240 номери аркылуу тактоого болот.

Ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак үй, батир (ишкердик үчүн пайдаланылбаган) жана жерге (чарбак, бакча) төлөнүүчү салыгын төгүү зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга — 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Белгилер:
айып пул, жер, транспорт, мүлк, кыймылсыз мүлк, салык
Тема боюнча
Бир жума калды. Транспорт, турак жай жана жер салыгын оңой төлөөнүн жолдору
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

23-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео

(жаңыланган 20:54 22.04.2021)
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.

"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.

Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, Артем Новиков, Николай Удовиченко, Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты