БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан бир бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, көз жумган адам Бишкек шаарынан. Жалпысынан өлкөдө коронавирус 1 058 адамдын өмүрүн алды.
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 43 358ге жетсе, анын 37 217си дартты жеңди.