Жума намазын мечитте окууга уруксат берилип, муфтият эрежелерди эскертти

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшРазъяснительная работа по соблюдению санитарных норм в мечетях в Оше
Разъяснительная работа по соблюдению санитарных норм в мечетях в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият жалпы жарандарды беш убак намазга жана жума намазына келүүдө коюлган талаптарды толук сактоого чакырды.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстанда мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Ошол эле учурда мечитке келгенде сактык чараларын бекем сактоо керектиги эскертилди.

Маалыматта төмөндөгүдөй талаптар коюлганы айтылат:

  • күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандар бет кап тагынуу зарыл;
  • мечиттин айланасына дезинфекциялоочу жана жарандардын дене табын текшерүүчү каражаттар менен камсыз кылуу;
  • мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты так сактоо;
  • кол алышып, кучакташып учурашпоо;
  • дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү;
  • жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандар мечитке келбеши керек;
  • мечитке келгендер көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүүсү зарыл.

Бишкекте парктарда сейилдөөгө уруксат берилди. Дагы башка өзгөрүүлөрдүн тизмеси

Ал эми саат 13:15те жогорудагы талаптарды түшүндүрүү, ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү керектиги айтылат.

Жамаат намаздарын ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү, ар бир адам өзүнүн жайнамазын ала келүүсү сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0