Бузулукта чогулган 1569 кыргызстандык 25 автобус менен келе жатат

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Возвращение кыргызстанец из городов Соль-Илецк и Бузулук
Возвращение кыргызстанец из городов Соль-Илецк и Бузулук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак тарап кыргызстандыктарды Россиядан алып келүү үчүн транзиттик коридор ачып берүүгө уруксат берген.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Оренбург облусунун Бузулук районунда кармалып турган 1569 кыргызстандык жолго чыкты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекендештер 25 автобус менен Казакстандын жол полициясы кызматынын коштоосунда Кыргызстанды көздөй бет алганы айтылат.

Талаада баш калкалаган кыргызстандыктар. Бузулуктагы кырдаалды баяндаган видео

Казак тарап транзиттик коридор ачып берүүгө уруксат бергенден кийин кыргызстандыктарды Россиядан алып келүү мүмкүнчүлүгү жаралганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0