Бир суткада коронавирустан 275 бейтап айыкса, кайра 101 адам жуктуруп алды

© REUTERS / CARLOS JASSOМедициналык кызматкер ооруканада бейтаптар менен
Медициналык кызматкер ооруканада бейтаптар менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын окумуштуулары коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин айтып, жай турмушка кийинки жылдын орто ченинде гана кайтабыз деп божомолдоду.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирусту 275 бейтап жеңсе, кайра 101 адам аны илештирип алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 115;
  • Ош шаары — 12;
  • Чүй облусу — 17;
  • Ош облусу — 23;
  • Талас облусу — 15;
  • Нарын облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 24;
  • Жалал-Абад облусу — 28;
  • Баткен облусу — 33.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандар:

  • Бишкек — 32;
  • Ош — 1;
  • Чүй облусу — 7;
  • Ош облусу — 10;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 18;
  • Жалал-Абад облусу — 16;
  • Баткен облусу — 8.

Кыргызстан боюнча стационарда 854 бейтап дарыланып жатат. Ал эми амбулатордук дарыланууда 4680 бейтап бар экени айтылды.

Коронавирустун үчүнчү толкуну качан болушу мүмкүн. Окумуштуунун божомолу

Мындан сырткары, бир сутка ичинде эки медик коронавирус жуктуруп алганы маалым болду. Анын бирөө Баткен облусунан болсо, экинчиси Жалал-Абаддан. Ошол эле учурда жети медицина кызматкери ооруканадан айыгып чыкты. Ал эми үй карантининен 12 медик сакайды. Ак халатчандар арасында коронавирус жуктурган жалпы 3116 учур катталып, анын 2409у илдетти жеңген. 

Жалпысынан алганда өлкөдө коронавирус инфекциясы 43 459 адамдан табылса, анын ичинен 37 492 бейтап ооруну жеңген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0