Интернет кабельдер. Архив

Кыргызстанда "Санарип аймак" системасына 176 айыл өкмөт кошулду

116
(жаңыланган 13:27 27.08.2020)
"Санарип аймак" системасын 2020-жылдын аягына чейин толугу менен ишке ашыруу керек. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, адистердин калкка кызмат көрсөтүүсүн автоматташтырат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстанда "Санарип аймак" автоматташтырылган маалымат системасына 176 айыл өкмөт кошулду. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Бороновго таянып өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Санарип аймак" системасын 2020-жылдын аягына чейин толугу менен ишке ашыруу керек. Учурда ага 176 айыл өкмөт туташты. Система жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, адистердин калкка кызмат көрсөтүүдөгү ишин автоматташтырат", — деди Боронов.

Жээнбаева: "Коопсуз шаардын" экинчи этабында 2500дөн ашык камера орнотулат

Эске салсак, Кыргызстанда 450дөн ашык айыл өкмөтү бар.

Буга чейин өкмөт башчы өлкөдөгү мектептердин 99 пайызы интернетке кошулуп, 22 гана мектеп калганын айткан эле.

116
Белгилер:
Кубатбек Боронов, айыл өкмөтү, Кыргызстан
Тема боюнча
Боронов: өлкө боюнча 65 616 окуучуда смартфон жок экени аныкталды
Россиялык алып баруучу Ольга Шелест. Архив

Россиялык алып баруучу аз убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берди

16
(жаңыланган 09:08 20.09.2020)
Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиялык алып баруучу Ольга Шелест "Телепрограмма" басылмасына маек берип жатып тез убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, социалдык тармактын колдонуучулары алып баруучунун сындуу болуп калганын байкашып, андан кантип арыктаганын сурашкан.

Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырган.

"Бир отурганда эле бир тортту жеп койчумун. Бирок кийин кумшекерден баш тарттым. Эки айдан кийин жети килограмм таштаганымды билдим. Атайын деле "арыктайм" деп максат койгон эмесмин. Анткени өзүмдүн тулку-боюм жакшы эле формада болчу", — деди ал.

Алып баруучу карантинде кокустан "Мен таттууну жакшы көрбөйм" деген китеп окуп калганын айтты. Ошондон баштап анын кумшекер, таттууга болгон көз карашы өзгөргөн.

Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган

"Бул китепте кумшекер кантип жаралганы, адамдар ага эмнеге жакын болуп калганы тууралуу илимий негизде маалыматтар берилген. Ошондой эле биз аталган "жасалма баңгизатты" колдонгондо организмде кандай реакция жүрөрү да айтылган", — деди Шелест.

Алып баруучу кумшекердин ден соолукка тийгизген таасири тууралуу билгенден кийин таттуудан толугу менен баш тартканын кошумчалады.

16
Белгилер:
Кумшекер, арыктоо, алып баруучу, Россия
Тема боюнча
30 килограммга чейин арыктаган. Улгайган аял сыры менен бөлүштү
Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди
Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштери

Штаб: Нарындагы жаңы оорукананын курулушу жарым-жартылай бүтүп калды

9
(жаңыланган 08:31 20.09.2020)
Жаңы медициналык мекеме 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштеринин 44 пайызы бүтүп калды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.

"Бүгүнкү күндө оорукананын пайдубалы бүтүп, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабдуулары орнотулду. Учурда имараттын темир тирөөчтөрүн коюу иштери, дубалдарды пеноблок менен тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда", — деп айтылат маалыматта.

Штаб оорукананын курулуш иштерине 76 жумушчу, жети атайын техника тартылганын кошумчалады.

9
Белгилер:
курулуш, оорукана, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектеги 6 ооруканага борборлоштурулган кычкылтек орнотууга тендер өтөт