Өкмөт башчы Кубатбек Боронов кеңешме учурунда

Боронов: окуу башталганда айылдарда интернет жок деген маселе болбосун

184
(жаңыланган 14:06 27.08.2020)
Премьер-министр окуучулардын пандемияга байланыштуу аралыктан окуусун эске алганда, аймактарда интернеттин жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Окуу жылы башталганда айылдарда интернет жок деген маселе жаралбашы керек. Андыктан тийиштүү мамлекеттик органдар ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүсү абзел. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов санариптештирүү боюнча 2020-жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштерди талкуулаган кеңешмеде айткан.

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, Боронов "Санарип аймак" системасын жылдын аягына чейин толугу менен жүзөгө ашырууну тапшырган. Бул системаны жүзөгө ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатары айтылып келет.

"Ошондуктан системаны аймактардагы шаарлар менен айыл өкмөттөргө киргизүү иштери күчөтүлүүгө тийиш. "Санарип аймакты" жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөттөр маршрутизаторлор (роутер) менен ыкчам тартипте камсыздалышы шарт", — деген Боронов.

Кыргызстанда "Санарип аймак" системасына 176 айыл өкмөт кошулду

Кеңешмеде саламаттык сактоо, билим берүү тутумдарын санариптештирүү маселеси да талкууланган.

Премьер-министр мектеп окуучулары пандемияга байланыштуу аралыктан окуусун эске алганда аймактарда интернеттин жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеген.

"Окуу жылы башталганда айылдарда интернет жок деген маселе жаралбашы керек. Бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүсү абзел. Мектептерди сапаттуу, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо боюнча иштер күчөтүлсүн. Ал эми саламаттык сактоо тутумунда санариптештирүү боюнча бир катар алгылыктуу иштер жасалды. Ошентсе да аймактардагы медициналык мекемелерге кеңири масштабдагы маалыматтык технологияларды киргизүүнү аягына чыгаруу зарыл", — деген өкмөт башчы.

Боронов: өлкө боюнча 65 616 окуучуда смартфон жок экени аныкталды

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 2292 мектептин 99 пайызы интернетке туташтырылган.

Жыйында мамлекеттик органдардын санариптештирүү боюнча аткарып жаткан иштери талкууланып, бул багыттагы жумуштары кечеңдеп жаткан айрым тармактардын жетекчилерине бир катар милдеттемелер коюлганы кабарланды.

184
Белгилер:
интернет, онлайн окутуу, мектеп, Кыргызстан
Тема боюнча
Токтомаметов: мектептин баарын онлайнга өткөрбөй эркиндик бериш керек эле
Бул жылы окуучулардын формасы кандай болот? Министрдин жообу
Россиялык алып баруучу Ольга Шелест. Архив

Россиялык алып баруучу аз убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берди

7
(жаңыланган 09:08 20.09.2020)
Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиялык алып баруучу Ольга Шелест "Телепрограмма" басылмасына маек берип жатып тез убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, социалдык тармактын колдонуучулары алып баруучунун сындуу болуп калганын байкашып, андан кантип арыктаганын сурашкан.

Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырган.

"Бир отурганда эле бир тортту жеп койчумун. Бирок кийин кумшекерден баш тарттым. Эки айдан кийин жети килограмм таштаганымды билдим. Атайын деле "арыктайм" деп максат койгон эмесмин. Анткени өзүмдүн тулку-боюм жакшы эле формада болчу", — деди ал.

Алып баруучу карантинде кокустан "Мен таттууну жакшы көрбөйм" деген китеп окуп калганын айтты. Ошондон баштап анын кумшекер, таттууга болгон көз карашы өзгөргөн.

Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган

"Бул китепте кумшекер кантип жаралганы, адамдар ага эмнеге жакын болуп калганы тууралуу илимий негизде маалыматтар берилген. Ошондой эле биз аталган "жасалма баңгизатты" колдонгондо организмде кандай реакция жүрөрү да айтылган", — деди Шелест.

Алып баруучу кумшекердин ден соолукка тийгизген таасири тууралуу билгенден кийин таттуудан толугу менен баш тартканын кошумчалады.

7
Белгилер:
Кумшекер, арыктоо, алып баруучу, Россия
Тема боюнча
30 килограммга чейин арыктаган. Улгайган аял сыры менен бөлүштү
Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди
Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштери

Штаб: Нарындагы жаңы оорукананын курулушу жарым-жартылай бүтүп калды

8
(жаңыланган 08:31 20.09.2020)
Жаңы медициналык мекеме 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштеринин 44 пайызы бүтүп калды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.

"Бүгүнкү күндө оорукананын пайдубалы бүтүп, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабдуулары орнотулду. Учурда имараттын темир тирөөчтөрүн коюу иштери, дубалдарды пеноблок менен тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда", — деп айтылат маалыматта.

Штаб оорукананын курулуш иштерине 76 жумушчу, жети атайын техника тартылганын кошумчалады.

8
Белгилер:
курулуш, оорукана, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектеги 6 ооруканага борборлоштурулган кычкылтек орнотууга тендер өтөт