Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынмай болду

Жазылуу
Учурда калаада бардык стационарлар жабылды. Жалпы үч күндүзгү, бир түнкү стационар бейтаптарды кабыл алып келген.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жалал-Абадда мечиттерге, коомдук транспортторго киргизилген чектөөлөр алынат. Мындай чечим шаардык штабдын бүгүнкү жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

1-сентябрдан тарта коомдук автобустар каттамга чыгып, окуучуларды мектепке ташыйт.

"Автобустар 1-сентябрдан тарта ишин улантат. Бул чечим жаңы окуу жылынын башталышында мектептерге 1-класстын окуучуларын ташуу үчүн чыгарылды. Ал эми кичи автобустар ишемби, жекшемби күндөрү да каттамга чыгышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан ары Ош шаарында базарлар бир күн түшкө чейин гана жабылат

Кабыл алынган чечимдерге ылайык, 28-августтан тарта калаадагы мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди. Бирок санитардык талаптарды так сактоо зарыл. Ар бир жаран үйүнөн даарат алып, жайнамазын көтөрө келиши керек. Мечиттерге бет капсыз киргизилбейт, 1,5 метр аралык сакталууга тийиш.

"Курманбек" стадиону келе жаткан дүйшөмбү күндөн тарта иштей баштайт. Ага чейин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында бардык стационарлар жабылды. Жалпы үч күндүзгү, бир түнкү стационар бейтаптарды кабыл алып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0