31-августта "Ала-Тоо" аянтына эл чогулбайт, бирок президент чыгып куттуктайт

Жазылуу
Республикадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгына арналган иш-чара онлайн түрүндө болот.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында 31-августта президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанат өтүп, бирок ага эл чакырылбайт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Республикадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам иш-чара онлайн түрүндө өтөт.

"Эл топтолуп, көңүл ачуулар болбойт, концерт уюштурулбайт. Иш-чара республикалык телеканал аркылуу көрсөтүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Августтун соңунда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат

Салтанат саат 10:00дө башталып, 11:00дө аяктаары кабарланды.

Ал эми кечинде Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына карата саат 22:00дө майрамдык салют атылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0