Ош шаарында ачылган убактылуу стационарлардын баары жабылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарындагы күндүзгү стационарлардын бири. Архив
Ош шаарындагы күндүзгү стационарлардын бири. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бейтаптар үчүн калаада жалпы беш стационар ачылган болчу.

ОШ, 27-авг. – Sputnik. Ош шаарында пандемиядан улам ачылган убактылуу стационарлардын баары жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 26-август күнү 95 орундуу акыркы стационар ишин токтоткон.

Ош шаарында изоляция жана стационарлар болуп жалпы убактылуу 18 жай ачылган болчу. Абал турукташкандыгына байланыштуу калаада ачылган 24 саат бою иштеген дарылоочу жайлардын баары тең жабылды.

Эске сала кетсек, Ош шаарында коронавирус илдети жайыла баштагандан бери 442 медицина кызматкери илдет жуктурган. Эки медицина кызматкери аталган илдеттен каза тапкан.

Бишкекте акыркы стационар жабылды

Ал эми СOVID-19 илдетин жугузгандардын жалпы саны 3 387 адамга жетти. Каза болгондордун саны 91 адамды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0